Биз социалдык тармакта

BAKAI'дын Гонконгго чыгуусу кыргызстандык бизнес үчүн маанилүү окуя болот: Тимур Ибрагимов менен маек 

BAKAI Гонконгдо филиал ачууга лицензия алды. Бул Кыргызстандын банк сектору жана бүтүндөй аймак үчүн маанилүү окуя. BAKAI дүйнөдөгү алдыңкы финансылык борборлордун биринде өз филиалы бар Борбор Азиядагы биринчи банк болот. Бул жетишкендиктин өлкө үчүн мааниси жана бизнеске ачыла турган жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу BAKAI Башкармасынын төрагасы Тимур Ибрагимов айтып берет.

- Тимур Сергеевич, Гонконгдо филиал ачуу Кыргызстан үчүн эмнеси менен маанилүү?

- Кыргызстандык банк дүйнөдөгү ири финансылык борборлордун бирине чыгууда. Өлкөбүз үчүн бул чоң кадам. Биз Кыргызстандын банк рыногу менен Азиядагы эл аралык финансылык инфраструктуранын ортосунда түз байланыш түзүп жатабыз.

Негизги максатыбыз ишкерлерге чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштешүүдө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү. Компанияларга ыңгайлуу эсептешүүлөр, товар жеткирүүлөрүн каржылоо жана бүтүмдөрдү банк аркылуу коштоо керек. Гонконгдогу өз филиалыбыз бул кызматтарды эл аралык сооданын негизги борборлорунун биринде өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Мен үчүн ишкерлер бул кадамдын пайдасын күнүмдүк ишинде сезиши маанилүү. Натыйжаны кардарларга тийгизген пайдасына карап баалайбыз.

- Эмне үчүн Гонконгду тандадыңыздар?

- Гонконг эл аралык соодада маанилүү орунду ээлейт жана Кытай рыногун башка өлкөлөр менен байланыштырат. Бул жерде компаниялар эл аралык эсептешүүлөрдү жүргүзүп, соода операцияларын каржылоо үчүн пайдалана турган өнүккөн финансылык инфраструктура бар.

BAKAI үчүн Гонконг Кытай жана Азиянын башка өлкөлөрү менен иштеген кыргызстандык бизнести колдоо үчүн ыңгайлуу борбор. Бул жерде өз филиалыбыздын болушу өнөктөштөр менен жеринде түз иштешүүгө жана кардарларыбыздын муктаждыктарына ылайык кызматтарды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Биз Гонконгду Азия рынокторунда иштөө үчүн негизги борбор катары карайбыз. Филиал аркылуу импорттук жана экспорттук бүтүмдөрдүн финансылык бөлүгүн коштоону пландап жатабыз.

- Филиал иштеп баштагандан кийин ишкерлер үчүн кандай конкреттүү өзгөрүүлөр болот?

- Биз эл аралык эсептешүүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү, сооданы каржылоону жана аккредитивдерди камтыган документардык операцияларды сунуштоону пландап жатабыз. Импорттук жана экспорттук бүтүмдөрдү коштоо өзүнчө багыт болот. Ошондой эле жаңы эл аралык төлөм кызматтарын өнүктүрөбүз.

Жөнөкөй мисал келтирели. Кыргызстандагы компания чет өлкөлүк жеткирүүчүдөн жабдуу сатып алат дейли. Ал төлөм шарттарын макулдашып, эсептешүүнү жүргүзүп, сатып алууну кантип каржылоону чечиши керек. Биз ушундай бүтүмдөрдүн финансылык бөлүгүн уюштурууга жардам берген банктык чечимдерди сунуштоону көздөйбүз.

Экспорттоочунун да өзүнө тиешелүү маселелери бар: товар үчүн төлөмдү алуу, сатып алуучу менен эсептешүүтартибин туура түзүү. Ошондуктан ар бир чечимконкреттүү келишимдин шарттарына жана компаниянын муктаждыктарына жараша тандалат.

- Сооданы каржылоо жана аккредитивдер бизнеске кандай мүмкүнчүлүк берет?

- Соода менен алектенген компания товарды сатып алуугааны сатуудан түшкөн акча келгенге чейин эле каражатжумшайт. Сооданы каржылоо дал ушул учурда жардамберет. Компания төлөм мөөнөттөрүн жана каражаттын эсепке түшүү убактысын эске алып, товар жеткирүүлөрүн алдын ала пландай алат.

Аккредитивдерди камтыган документардык операцияларсатып алуучу менен жеткирүүчүгө эсептешүү шарттарынжана документтерге коюлган талаптарды алдын ала тактап алууга жардам берет. Чет өлкөлүк өнөктөш менеништегенде бул өзгөчө маанилүү, анткени эки тараптөлөмдүн тартибин алдын ала макулдашып алганы абзел.

Биз бизнеске ушундай чечимдерди сунуштоону пландапжатабыз. Кайсы чечим ылайыктуу болору келишимдиншарттарына жана компаниянын муктаждыктарынажараша аныкталат.

- Гонконгдогу филиал кимдерди тейлейт? Жеке кардарларүчүн кызматтар каралганбы?

- Филиал бизнес менен иштейт. Гонконгдо жеке жактардытейлөө пландалган эмес. Негизги көңүл эл аралык соодагажана ага байланыштуу финансылык кызматтарга бурулат.

Биринчи кезекте Кытай жана Азиянын башка өлкөлөрүменен иштеген компаниялар тууралуу сөз болуп жатат. Ошол эле учурда бул рынокторго чыгууну жаңыдан пландапжаткан ишкерлер үчүн да мүмкүнчүлүктөрдү көрүптурабыз.

Лицензия алуу маанилүү этап болду. Кийинки кадамфилиалды ишке киргизүү. Азыр айтылып жатканкызматтар филиал ачылгандан кийинки иш пландарынакирет. Биз үчүн эң башкысы аларды бизнестин реалдуумуктаждыктарына ылайык даярдоо.

- Банк жана өлкө үчүн эң негизги жыйынтык деп эмнени эсептейсиз?

- Эң негизги жыйынтык - Кыргызстандагы компанияларүчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышы. Биз ишкерлергечет өлкөлүк жеткирүүчүлөр менен иштөөгө, соодаоперацияларын каржылоого жана экспортту өнүктүрүүгөжардам берүүнү көздөйбүз. Кардар Кыргызстандагыбизнесинин өзгөчөлүгүн жакшы түшүнгөн жана Азияда өзфилиалы бар банкка таяна алат.

Филиалдын ачылышы BAKAI'га бул багыттагы иштикеңейтүүгө негиз түзөт. Биз бул мүмкүнчүлүктүкардарлардын ишкердик байланыштарын кеңейтүүгө жанажаңы рынокторго чыгышына жардам берүү үчүнпайдаланабыз.

Ал эми Кыргызстан үчүн бул кадамдын чыныгы маанисибизнес ишке ашыра турган конкреттүү келишимдерде, товар жеткирүүлөрүндө жана жаңы долбоорлордо көрүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан