
BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт.
2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору.
S&P Global CSA методологиясына ылайык, BAKAIдын көрсөткүчү баалоодон өткөн дүйнөлүк банк секторундагы компаниялардын 91%ынан жогору болду. Ошентип, S&P Global CSA баалоосунун жыйынтыгы боюнча Банк дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди.
2026-жылдын жыйынтыгы боюнча BAKAIдын көрсөткүчү тармак боюнча дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн (36 упай) дээрлик эки эсе жогору болду. Бул Банктын Борбор Азия жана Кавказ чөлкөмүндөгү ESG багыты боюнча лидерлердин катарындагы позициясын дагы да бекемдеди.
Бул жогорку көрсөткүч Банктын ички бизнес-процесстерин ырааттуу трансформациялоонун жана маалыматтарды ачыкка чыгаруунун эл аралык стандарттарына ылайык финансылык эмес отчеттуулукту өнүктүрүүнүн жыйынтыгы болду.
BAKAI баалоонун түзүмүндө эң жогорку көрсөткүчтү корпоративдик башкаруу жана экономикалык туруктуулук багыты боюнча (Governance & Economic Dimension) алды. Бул багыттагы көрсөткүч 76 упайды түздү.
S&P Global CSA баалоосунда бизнести этикалык жана жоопкерчиликтүү жүргүзүү практикасы, тобокелдиктерди башкаруу жана комплаенс-көзөмөл системаларын өнүктүрүү, кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын коргоо жана маалыматтык коопсуздуктун натыйжалуулугун жогорулатуу эске алынды.
«BAKAIдын абройлуу S&P Global CSA баалоосунун жыйынтыгы боюнча дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кириши жана аймактагы ESG лидерлеринин катарында позициясын бекемдеши биздин амбицияларыбызды жана башкаруу моделибиздин жетилгенин тастыктайт. ESG принциптерин интеграциялоо өзүнчө демилге катары эмес, узак мөөнөттүү тобокелдиктерди башкаруунун, финансылык туруктуулукту жана операциялык натыйжалуулукту жогорулатуунун куралы катары каралат. 2026-жылдын жыйынтыктары Банктын рыноктогу позициясын мындан ары бекемдөөгө жана кардарлар, өнөктөштөр, инвесторлор менен кызматташууну кеңейтүүгө ишенимдүү негиз түзөт. Орто мөөнөттүү келечекте ESG трансформациясын улантып, кардарга багытталган мамилеге, санариптештирүүгө, корпоративдик ачык-айкындуулукка жана туруктуу каржылоо механизмдерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну көздөп жатабыз», - деп белгиледи BAKAI Башкармасынын төрагасы Тимур Ибрагимов.
Маалымат үчүн:
S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) эл аралык баалоосу бизнестин узак мөөнөттүү туруктуулугун жана компаниялардын ESG практикаларына шайкештигин аныктоодо дүйнөлүк негизги баалоо көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Жыл сайын өткөрүлүүчү баалоо дүйнөдөгү ири компанияларды камтып, финансылык натыйжалуулукка жана узак мөөнөттүү баалуулукту түзүүгө таасир эткен тармактык тобокелдиктерди, мүмкүнчүлүктөрдү жана башкаруу практикаларын талдоого негизделет.
S&P Global CSA баалоосунун жыйынтыктары туруктуу өнүгүү боюнча эл аралык индекстерди, анын ичинде Dow Jones Sustainability Indices (DJSI) индекстеринин тобун түзүүдө, ошондой эле инвесторлор жана эл аралык финансылык уюмдар тарабынан колдонулат. CSA боюнча жогорку көрсөткүч кызыкдар тараптар үчүн компаниянын ачык-айкындуулугунун, корпоративдик башкаруунун сапатынын жана узак мөөнөттүү тобокелдиктерге жана өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жөндөмүнүн көрсөткүчү болуп саналат.