Педиатр кеңеш берет
Окурмандардан келген суроолорго №9-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун врач педиатры Буайым Жолдубаева жооп берет.
«Бронхит менен жабыркагандар спорттун кайсы түрү менен машыкса болот?»
– Балам бронхит менен жабыркайт. Спорттун кайсы түрү менен машыкса болот?
Айгүл, Токмок шаары
– Бронхит – бул бронханын ички былжыр чел кабыгынын сезгенүүсү. Бала бронхитке кабылбаш үчүн жаңы төрөлгөндөн баштап эле сууга түшүрүү менен организмин чыңдоо керек. Бронхит менен жабыркагандар сууда сүзүү менен алектенгени жакшы, ошондой эле таза абада сейилдеп баскан пайдалуу.
"1 жашында канча тиш чыгышы керек"
– Балам 1 жаштан өттү. 8 айында 8 тиши чыккан. Ошол боюнча токтоп калды. Эмнеге тиши чыкпай калды деп сарсанаа боло берем. 1 жашында канча тиши чыгып калышы керек? Биздики нормабы же кальций бериш керекпи?
Алтынай, Токмок шаары
– 1 жаштагы баланын 8 тиши чыкса нормалдуу көрүнүш. 1,5 жашында азуу тиштери кошулуп 12 тиш чыгат. 2 жашка чейин бардык тиштери чыгып бүтөт.
«1 жашка чейинки балага кандай тамактарды берүү керек?»
– Менин балам нанды тиштеп үзүп жегенди жакшы көрөт. Кечке жей бергениненби, өткөндө ичи катып көпкө кыйналды. Дүкөндөрдө сатылган ботколорду көп бербегенге аракет кылабыз. Баланы ичи катпай тургандай кылып кантип туура тамактантууга болот?
Акмаанай, Кызыл-Кыя шаары
Баланын бир жашына чейин эмчек эмизүүнү улантып, анын рационун кошумча тамактар менен толуктоо маанилүү. Эгер кандайдыр бир себептерден улам эмчек сүтү жок же жетишсиз болсо, аны ылайыкташтырылган сүт аралашмасы менен алмаштыруу же толуктоо зарыл. Мисалы, Kabrita аралашмасын колдонсо болот.
Kabrita® сүт аралашмасынын курамына эчкинин сүтү, DigestX® май комплекси, пребиотиктер жана пробиотиктер, DHA жана ARA май кислоталары, ошондой эле нуклеотиддер жана сары суу белоктору кирет. Бул компоненттердин айкалышы эмчек эмбей калган калган ымыркайдын рационун жаш курагына ылайык зарыл азык заттар менен толуктоого жардам берет. Kabrita® сүт аралашмасы жумшак, каймак сымал даамга ээ.
Мындан тышкары, балдар үчүн жашылчалардан даярдалган тамактар да пайдалуу. Сабиз, картошка, капуста, ашкабак, кызылча сыяктуу жашылчаларды сууга бышырып, эзип берүү туура. Андан сырткары кадимки биз жеген тамак-аштарды берүү керек. Куурулган тамактар сунушталбайт. Булар өт оорусуна алып барат.
«Уулум көп тердейт»
– Балам 1,5 жашта. Ыйлаганда, эмчек эмгенде деле тердей берет. Врач «D витамини жетишпейт, күзүндө, кышында D3 витаминин бер, күн ысыганда токтотосуң» дегенинен кышында ичирип жүрдүм. Бирок тердегени калган жок. Учурда баламды күнгө көп эле алып чыгып жатабыз. D3 витаминин ичире берсем болобу?
Айсулуу, Талас шаары
– D3 витаминин убагы менен дарыгердин айтуусу боюнча берсе, ошого карабай тердеп жатса, анда баланын гемоглобини төмөн болушу мүмкүн. Эгер аталган витамин туура эмес, талапка ылайык берилбесе, балада итийдин белгилери кала берет. Күн ысыкта берүүгө болбойт. Анткени күн ысыганда аталган витамин теринин алдында өзү пайда болот. Кээ бир ата-энелер балдарыбыз күндө эле жүрөт деп узун жеңдүү көйнөк, шым кийгизип коюшат. Мында күндүн нурунан витаминдер жетиштүү деңгээлде кабыл алынбайт. Майка, трусачан эле коё бериш керек.
«Кызым арык, бою да кыска»
– Кызым 8 жашта. Бою кичинекей, арык. Тамакка болгон табити да начар. 5 жаштагы кыздардын өлчөмүндө кийим киет. Мен да, атасы да сөөктүү, салабаттуу эле кишилербиз. Андан кийинки эки балам бул кызымдай кичинекей эмес.
Каира, Токтогул району
– Каны аз бала арык, кичинекей болот жана тамакка табити тартпайт. Кызыңыздын гемоглобинин текшертүү керек. Негизи 15 жашка чейинкилердин гемоглобинин өлчөмү 120 болушу нормалдуу көрүнүш.
«Ич катуу эмнеден улам болот?»
– 6 жаштагы кызым бар. Ичи ката берет, 2-3 күндө бир заңдайт. Мүнөздөп тамак берүү керек деп угуп, тамагын деле көзөмөлдөп жатам. Жашылча-жемишти көп бергенге, камыр тамактарды аз бергенге аракет кылам. Бирок жыйынтык жок. Негизи ич катуу эмнеден улам болот?
Акмарал, Бишкек шаары
– Ич катуу эки себептен болот. Биринчиси, ичегиде керектүү микробдордун азайып кетишинен улам тамак сиңирүү начарлайт. Экинчиден, өт түтүкчөсүнүн формасы бузулуп, бүктөлүп калганда ич катат. Андыктан дарыгерге кайрылып оорунун себептерин билиңиз, дарылоо ошого жараша жүргүзүлөт.
«Такыр тамак жебейт»
– Кызым Малика 1 жаштан өттү, эмчек эмет. Такыр тамак жебейт. Тамак берерде чоң энеси, чоң атасы маскарапоз болуп жатып алдап араң жедиребиз, эмнеден улам мындай болот?
Мээрим, Кара-Көл шаары
– Негизи баланы 1 жашка чейин гана эмизиш керек. 1 жаштан кийин эненин сүтүнүн сапаты начарлайт, балага пайдасы жок. 1 жаштан кийин эмчектен чыгарып, андан көрө тамак-аш берүү баланын өсүүсүнө жакшы жардам берет. Ошон үчүн дарыгерлер 6 айдан кийин эле кошумча тамак бергиле деп айтабыз. Тамактан баш тартканы – эмчекке көнүп алганы же канында гемоглобиндин өлчөмү аз болушу мүмкүн.
«Баламдын чачы тегиз чыкпай жатат»
– Баламдын чачы аз, кала берсе маңдайкы чачтары жок. Чачы тегиз чыксын деп маңдай жактарын устара менен кырып да көрдүк. Кайра эле мурункудай өсүп жатат. Атасынын да, апасынын да генинде кашка баштар жок. Эмне кылыш керек? Анан да чачты кырса коюу, кайраттуу болот деген чынбы?
Сезим, Нарын шаары
– Чачынын тегиз чыкпашы итийдин белгиси. Кичинекейинде итий болгондордун көбү кийин кашка баш болушат. Чачты устара менен кырса чач коюу чыгат деген туура. Бирок итийлердики андай болбойт, алгач ооруну дарылоо керек.
Эскертүү: Бул — 2016-жылы жарыяланган материалдын котормосу. Андагы айрым медициналык пикирлер, атап айтканда, баланы бир жаштан кийин эмчек эмизүүнү токтотуу, D витаминин сезонго жараша берүүнү токтотуу жана чачты кыруу анын коюулугуна таасир этет деген пикирлер азыркы медициналык сунуштарга туура келбейт.
Акциянын уюштуруучусу ЖЧК "ПН АЗИЯ", ИНН 00208202310068, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү №19, индекс 720040 , тел.: +996 (312) 97-52-84
Жарнама. ЖЧК "ПН Азия", ИНН 00208202310068.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ымыркайларды алгачкы 6 айында жалаң гана эмчек сүтү менен тамактандырууну жана эмизүүнү мүмкүн болушунча узак мөөнөткө улантууну сунуштайт.
Эмчек эмгизүү - наристелердин эрте курактагы эң маанилүү тамактануусу.