Сүйүнчү! Бөбөк төрөлдү! Эми бул кичинекей инсандын тагдыры, жашоосу ата-эненин камкордугунан көз каранды. Алгачкы жолу Кыргызстанда Саламаттыкты сактоо жана билим берүү министрлиги БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) техникалык экспертизасынын негизинде стандарттарды иштеп чыкты. Мында 3 жашка чейинки баланын өсүшү жана ага кам көрүү тууралуу кеңештер камтылган.
Баланын физикалык жактан өсүшү жана психологиялык абалы
1 айлык ымыркай
-
Бир ай ичинде ымыркай алгачкы салмагына болжол менен 600 граммдан кем эмес кошот жана бою 3 сантиметрге чейин узарат.
-
Ымыркай бала суткасына 8 жолудан кем эмес эмчек эмүүсү зарыл жана 20-25 жолу заара ушата баштайт.
-
Төрөлгөндөн кийин ымыркай сутканын көп бөлүгүн уктап өткөрөт. Бир күндө 20 саатка чейин уктайт. Тизесин бир аз бүгүп, колдорун өйдө көтөрүп чалкалап жатат.
-
Манжаларын түйүп жүрөт.
-
Бала төрөлгөндө шартсыз рефлекстер гана болот: жутуу, эмүү, эстөө, коргонуу, бир нерсени кармоо жана башкалар. Көпчүлүк ымыркайлар жашоонун экинчи жумасынан баштап бир нерсени көргөзсөңүз аны ээрчип карай алышат. Бала үчүнчү жумадан тартып энесинин, атасынын жүзүн тааный баштайт.
-
Алгачкы айында бала үчүн киндигинин катышы жооптуу учур. Бир апта ичинде баланын киндиги өзү эле катат.
-
Экинчи жумадан тартып бала уга баштайт. Кээде бала катуу үндөн ыйлап да жибериши ыктымал. Төрт жумалык ымыркай күлө да баштайт. Аны эркелетүү керек, эркелетүүгө жооп кылып ымыркай жылмаят. Балага тынчтык, жагымдуу атмосфера, бирдей температура, ачык аба, күн нуру, чексиз мээрим, өзгөчө камкордук, анан чоң сүйүү керек!
2 айлык ымыркай
-
Бул учурда наристе башын көтөрүп, аны 10-20 секунд аралыгында кармай алат. Мындан тышкары бул куракта бала ачык өңдөргө, шылдырак, музыканын үнү чыккан жерге кулак түрүп калат. 2 айлык бөбөк оюнчукту колунда бир топ убакытка чейин коё бербей кармай алат.
-
Эки айлык баланын организми болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен өөрчүй баштайт. Бир ай ичинде 600 граммдан кем эмес салмак кошуп, бою 3-4 сантиметрге өсүп, төшү менен башынын өлчөмү 10-15 миллиметрге чоңоюшу керек. Бала жакшы өсүп-өнүгүшү үчүн ата-энелер аны стабилдүү уйку жана тамактануу менен камсыздоосу зарыл. Эки айлык бала бир суткада 18-20 саат укташы керек. Бала суткасына 8 жолудан кем эмес эмчек эмүүсү кажет. Мындай өлчөмдөгү азык баланын толук кандуу энерго алмашуусун камсыздайт.
-
Ар бир баланын организми индивидуалдуу, демек, бардык баланын тамактануусу, уктоосу окшош болушу мүмкүн эмес. Адатта 2 айлык балдар бул куракта өз нормасын өздөрү сезип, курсагы тойгондугу же уйкусу кангандыгы тууралуу апасына өз алдынча билдире алышат.
3 айлык ымыркай
-
Бала бир айда 600 граммдан кем эмес салмак кошушу керек. Бою 3-4 сантиметрге, көкүрөгү 15-20 миллиметрге чейин чоңоёт. Бул учурда ички органдары да жигердүү өнүгөт.
-
Бала башын жакшы көтөрүп, бир нече секундага кармап тура алат. Ичи менен жаткан кезде көкүрөгү менен жөлөнүп, башын көтөрө алат, ары-бери бура алат.
Эмизүү
Ымыркайдын дени сак өсүшү үчүн эне сүтү абдан маанилүү. Эне сүтүндө баланын мээсинин, көрүү органдарынын жана кан тамырларынын жетилишине керектүү бөтөнчө май кислоталары бар. Эмчек эмизүү эне менен баланын ортосунда жакындык сезим, мээримдүүлүк көп жылдар бою сакталып калышына көмөк түзөт. Эгерде балдар төрөттөн кийин эле энелери менен болуп, эне сүтү менен багылса, алар азыраак ыйлайт жана тез өсөт.
Балаңыз 6 айга толгончо жалаң гана эмчек эмизүү анын тамакка жана сууга болгон муктаждыгын толук канааттандырат. Баланын күнүмдүк энергияга жана азык-заттарына болгон муктаждыгынын кандайдыр бир бөлүгүн ал 2 жашка толгонго чейин эне сүтү камсыз кыла алат. Эгер кандайдыр бир себептерден улам баланы эмгизүү мүмкүн болбой калса, анын тамактануусуна ымыркайлар үчүн ылайыкташтырылган сүт аралашмасын кошуу зарыл.
Сүт аралашмасын тандоодо Kabrita® брендинин жаңы төрөлгөн балдар үчүн ылайыкташтырылган сүт аралашмасына көңүл бурууга болот. Ал эчкинин сүтүнүн негизинде даярдалып, эрте курактагы балдардын тамак сиңирүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан. Анын курамында баланын өсүп-өнүгүүсү үчүн зарыл болгон азык заттар бар.
Kabrita 1 аралашмасынын курамына төмөнкүлөр кирет:
- Оңой сиңүүчү белоктор — сары суу белокторунун өлчөмү жогорулатылган;
- Май кислоталары, анын ичинде DigestX атайын майлар комплекси жана DHA (докозагексаен кислотасы);
- Ичегидеги пайдалуу микрофлораны колдоого көмөктөшүүчү пребиотикалык булалар;
- Баланын жашоосунун алгачкы алты айындагы муктаждыктарына ылайык витаминдер жана минералдар.
Kabrita аралашмасын аралаш тамактандырууда эмчек эмизгенден кийин кошумча катары, ошондой эле эмчек сүтү жок же жетишсиз болгон учурда жасалма тамактандыруу үчүн колдонсо болот.
Ар кандай сүт аралашмасын баланын рационуна киргизүүдөн мурун педиатр менен кеңешүү сунушталат. Ымыркайды эмизүүдө төмөнкү эрежелерди эске алуу өтө маанилүү.
Эмчек эмизгенде баланы туура кармоонун 4 эрежеси:
-
Баланын башы менен тулку бою бир сызыкта болгондой кармоо керек;
-
Баланын мурду эмчектин үрпү менен тушташ болуусу керек;
-
Баланын денеси энесинин денесине жакын болуусу керек;
-
Баланын тулку боюн, бүт денесин кармоо керек.
Балага туура эмчек эмизүүнүн 4 эрежеси:
-

Бала оозун чоң ачканча күтүп тургула;
-

Эмчек алганда баланын астыңкы эрини сыртка түйрүлүп туруусу зарыл;
-

Эненини эмчегинин ареоласы көбүрөөк үстүнөн көрүнүп туруусу керек;
-

Баланын ээги энесинин эмчегине тийип туруусу зарыл.
Ымыркайды эмчек сураган сайын эмизиңиз (күнү-түнү), суткасына 8ден кем эмес жана 6 айга чейин башка эч кандай тамак жана суюктук бербеш керек.
Акциянын уюштуруучусу ЖЧК "ПН АЗИЯ", ИНН 00208202310068, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү №19, индекс 720040 , тел.: +996 (312) 97-52-84
Жарнама. ЖЧК "ПН Азия", ИНН 00208202310068.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ымыркайларды алгачкы 6 айында жалаң гана эмчек сүтү менен тамактандырууну жана эмизүүнү мүмкүн болушунча узак мөөнөткө улантууну сунуштайт.
Эмчек эмгизүү - наристелердин эрте курактагы эң маанилүү тамактануусу.