Биз социалдык тармакта

9 айда 400 миллиард сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү

Өлкөдө 9 айда 399,5 миллиард сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу айыл чарба министри Эрлист Акунбеков бүгүн, 23-октябрда “Агротехэкспо-2026” жана “Алтын күз” көргөзмө-жарманкесинин ачылышында билдирди.

Президенттин администрациясы маалымдагандай, министр бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 106,5 пайызга көп экенин айткан.

"Ал эми кайра иштетүү тармагында 92,7 миллиард сомдук продукция кайра иштетилип, физикалык көлөмдүн индекси 109,4 пайызды түздү. Тармакта 75 ири-орто ишкана, 9 соода логистикалык борбор, 65 кооператив, 22 МТС түзүлүп, 1724 айыл чарба техникалары лизингге берилди. Мындан тышкары, 2000 жаңы жумуш оруну ачылып, эл аралык сапат стандарттары 32 ишканада киргизилди”,- деди ал.

Ошондой эле министр мамлекеттик колдоонун натыйжасында быйыл 8 долбоор ишке ашырылып, 10 миң 453 чарбакерге 12 миллиард 537 миллион сомдук жеңилдетилген насыя берилгенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, “Агротехэкспо-2026” жана “Алтын күз” көргөзмө-жарманкеси 23-25-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан