Өлкө башчы Садыр Жапаровго кечээ, 23-октябрда Майлуу-Суу шаары жана Ноокен районунун эли менен болгон жолугушуусунда Курултайды таркатуу же төрт жылда бир жолу өткөрүү сунушу айтылды.
Президентке кайрылган жаран Курултайда мамлекеттик эмес, айылдык деңгээлдеги эле маселелер көтөрлүп жатат деген жүйө келтирди. Ал ошондой эле жыл сайын аны өткөрүү үчүн бюджеттен чыгым кетип жатканын мисал кылды.
"Миллиондогон каражат талаага кетип жатат. Сиздин алдыңызда байпагын сүйрөгөндөр барып алышып, айыл ичиндеги көйгөйлөрдү көтөрүшөт", - деди ал.
Мамлекет башчысы алгачкы Курултай жарлыгы менен чогултулганын, кийин ал боюнча мыйзам кабыл алынып, азыр мыйзамдын негизинде өтүп жатканын билдирди. Бирок Садыр Жапаров аксакалдын пикирин четке какпастыгын, келечекте Курултай өткөрүүнүн мөөнөтүн узартса болоруна токтолду.
"Бул жерде бюджеттен көп деле каражат кетпейт. Менин демөөрчүлүк фондуман каржыланат. Эми Курултайды да жоюп жиберген болбойт. Анткени, ага үнү жетпей жаткан алыскы айылдардын тургундары да келишет. Депутаттар жеткире алышпаган, акимдер жашырып коюшкан маселелерди айтып калышат. Курултай да такшалыш керек. Анан бара-бара эки жылда бир, үч жылда бир, анан төрт, беш жылга өткөрсөк болот. Азыр Курултай институту такшалганга чейин жыл сайын эле болуп турганы туура", - деди президент.