Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров мамлекет алдыда туннелдерди өзү каза баштаарын айтты (видео)

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өлкө алдыдагы 3-4 жылда туннелдерди өз алдынча каза баштаарын билдирди.

Президент учурда өлкө аймагында казылып жаткан туннелдердеги иштерди кытайлык компаниялар жүргүзүп жатканын белгилеп, буга Кыргызстанда техниканын жоктугун себеп кылды.

"Азыр туннелдерди Кытайдын компанияларына жасатып жатабыз. Анткени бизде туннелди тешкен техникалар жок. Бирок 2030-жылдарга барып, бардык туннелдерди өзүбүз жасаганга жетебиз", - деди Садыр Жапаров кечээ, 23-октябрда Майлуу-Суу шаарынын жана Ноокен районунун эли менен болгон жолугушуусунда.

Садыр Жапаров мамлекет алдыда туннелдерди өзү каза баштарын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан