Президент Садыр Жапаров үч адамга өлкөнүн атайын жана ыйгарымдуу кичи элчиси дипломатиялык рангын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду.
Мамлекет башчысынын администрациясынын бүгүн, 24-октябрда тараткан маалыматы боюнча, аталган рангды Кайрат Турсункулов, Алмаз Букалаев жана Актилек Мусаева алды.