Бүгүн, 24-октябрь Бишкек шаарындагы "Сейтек" улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда V Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча тургундардын жыйыны болуп өттү.
Аталган жыйынга борбор калаа боюнча 4 райондон 72 делегат шайланды. Бул жыйында Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Усеналиев жана анын орун басары Жылдызбек Абдыраимов катышты.