Түркиядагы туристтик жай болгон Гөреме ачык асман алдындагы музейинде аска ураганын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтар боюнча, окуя кечээ, 29-октябрда түштөн кийин болгон. Комплекстин кире беришиндеги аска урап, чоң таштар адамдарды басып калганы айтылууда. Үч адам каза тапса, беш киши жаракат алган. Учурда куткаруу иштери жүрүп жатат.
Гөреме – Византия доорундагы тарыхый монастырь комплекси. 1985-жылы ал ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
Биздин порталдын Каппадокиядагы жылына миллиондон ашык адам зыярат кылган Гөреме ачык асман музейи тууралуу жазган макаласын окусаңыз болот.