Испаниянын өкмөтү кеминде 69 адамдын өмүрүн алган Урда-Толедо темир жолундагы кырсыктын курмандыктарына жана жакындарына каржылык жардам берүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу бүгүн 2-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, транспорт министри Оскар Пуэнте жабыркагандарга жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө экономикалык каржы көмөк көрсөтүүчү атайын падышалык токтомду бекиткенин билдирди. Бул жардамды берүүдө өкмөт жыл башында Адамуста болгон кырсыктагы кенемте төлөө тартибин эске алат. Анда каза болгон бир адамга 216 миң (болжол менен 21 101 283 сом) евро, жаракат алгандарга 2400 евродон (234 488 сом) 84 миң еврого (8 208 001 сом) чейин кенемте төлөнгөн.
Урдадагы жаңы кырсык боюнча атайын токтом кабыл алынганы менен өкмөт жабыркагандарга так канча сумма берилерин расмий жарыялай электиги маалыматта кошумчаланды.