Биз социалдык тармакта

Казакстанда Каспийдеги аскерлердин өлүмүнүн себептери айтылды

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Каспий деңизинде аскер кызматкерлеринин каза болушуна байланыштуу жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгын жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, Коргоо министрлигинде аскердик машыгууларды көзөмөлдөө жана кооптуу жагдайларды алдын ала баалоо иштеринде кемчиликтер аныкталды.

"Кооптуу факторлорго жетиштүү көңүл бурулбай, коопсуздук талаптарынын сакталышы жана машыгуунун кооптуу баскычтарын өз убагында токтотуу боюнча тийиштүү көзөмөл болгон эмес",- деди Бектенов.

Эске салсак, 24-сентябрда Каспий деңизинде өткөн машыгуу учурунда 17 аскер сууга түшүп кеткен. Алардын үчөө куткарылып, 14ү каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан