Биз социалдык тармакта

Консерваторияны филармония деп... Маданият министрлиги алып баруучуга чара көрдү (видео)

Кечээ, 2-ноябрда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Маданият министрлигинин мекемелик сыйлыктарын тапшыруу аземинде жагымсыз жагдай орун алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, салтанат учурунда алып баруучу Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын жаңылыштык менен "Кыргыз улуттук филармониясы" деп атап алган. Бул ката тартылган видео социалдык тармактарда тарап көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Бул жагдайга байланыштуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иш-чараны уюштуруу жана өткөрүүдө кызматтык жоопкерчиликти жетиштүү деңгээлде камсыз кылбагандыгы үчүн тиешелүү кызматкерге карата тартиптик (дисциплинардык) чара көргөнү маалым болду.

Консерваторияны Филармония деп алган:  Маданият министри алып баруучуга чара көрдү 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан