Бүгүн, 3-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы бир катар объекттердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, Касымалиев мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордунда курулуп жаткан маданий борбордун, эки деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жайдын жана чыгыш айланма унаа жолунун курулушун көрүп чыккан.
Айта кетсек, жаңы маданий борбор үч кабаттуу имараттан туруп, алты кинозалын, 400 орундуу концерттик залын, музыкалык жана театралдык класстарын, жыйындар залын, фуд-корт жана көп функциялуу жайларын камтыйт. Унаа токтотмодо ички жасалгалоо иштери, аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Долбоорду ушул жылдын аягында аяктоо пландалууда. Чыгыш айланма жолунун узундугу 16,2 чакырымды түзүп, төрт тилкелүү болот.