2025-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын реалдуу өсүшү 11,1 пайызды түзүп, өлкө Ислам кызматташтык уюмуна мүчө 57 мамлекеттин ичинен алдыңкы бештикке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 31-октябрдан 3-ноябрга чейин Стамбулда өткөн ИКУнун 42-жыйынына Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу катышты. Анда мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода, инвестиция жана экспортту өнүктүрүү маселелери талкууланды.