Биз социалдык тармакта

Ташиевдин тарапташы Көкүм бийдин эстелиги боюнча үн катты

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташы Өткүрбек Рахманов Көкүм бийдин эстелигине байланыштуу Таластагы талкууга түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Биринчиден, (ред.: буюртмачы) Абдулдабек Көчөрбаевдин генерал-полковник Камчыбек Ташиевге эч кандай туугандык жакын байланышы жок. Экинчиден, эстеликке буюртма берүү, аны жасатуу жана 5,4 миллион сомдук акыны төлөө маселесине да Ташиевдин эч кандай тиешеси жок. Бул эки тараптын ортосундагы жеке келишимдик жана каржылык гана маселе. Ага саясий өңүт берүүнүн, Камчыбек Ташиевдин атын аралаштыруунун эч кандай зарылдыгы жок",- деп жазды ал.
Эскерте кетсек, кечээ 3-ноябрда президент Садыр Жапаровдун Таластын Айтматов жана Манас райондорунун эли менен жолугушуусунда скульптор Алмазбек Окоев Ташиевдин тууганы ага Көкүм бий баатырдын эстелигин жасатып, алып кеткен боюнча, акчасын бербей качып жүргөнүн айтты. Өз кезегинде президент анын акчасын кайтарып алууга жардам берүүнү тапшырды.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан