Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда ИТ-кадрларды О! кантип өстүрүүдө? O!DataCamp’ке кабыл алуу кызуу жүрүүдө

Кыргызстандын санариптик экономикасы тездик менен өнүгүүдө, анын негизги кыймылдаткычы — кесипкөй ИТ-адистер. Жыл сайын университеттер миңдеген таланттуу бүтүрүүчүлөрдү даярдайт, бирок реалдуу практиканын жоктугунан алардын бир бөлүгү ата-мекендик рынокко салым кошо албай калууда.

Бул айырмачылыкты жоюу үчүн О! Мобилдик оператору өзүнүн билим берүү долбоорлорун — O!InternLabs жана O!DataCamp программаларын өнүктүрүүдө. Булар өлкөдөгү ушундай масштабдагы бирден-бир толугу менен акысыз ИТ-программалар. Бул жерде кургак теория жок: катышуучулар дароо тармактын реалдуу тапшырмаларына чөмүлүп, тармактын алдыңкы эксперттеринин жетекчилигинде иштешет, дагы да O!DataCamp үйрөнчүктөрү кошумча стипендия алышат.

Компания үчүн бул жөн гана кадрдык резервди түзүү эмес, бул технологиялык эгемендүүлүккө жана өлкөнүн келечегине салынган узак мөөнөттүү инвестиция.

O!InternLabs: ИТ тармагындагы практикалык старт

O!InternLabs долбоору 2019-жылдан бери иштейт жана студенттерге ЖОЖдон алган билимдерин реалдуу көндүмдөргө айландырууга жардам берет. Окутуу ыңгайлуу гибриддик форматта өтөт — Бишкектеги күндүзгү интенсивдерди окуу менен айкалыштыруу абдан оңой.

  • Актуалдуу стек: Backend Java, QA/SDET (тестирлөөнү автоматташтыруу), Cyber Security, ошондой эле iOS (Swift) жана Android (Kotlin) мобилдик иштеп чыгуу.
  • Колдоо жана өнөктөш жогорку окуу жайлары: Өлкөнүн алдыңкы университеттери (Ала-Тоо, КГТУ,Манас, КРСУ, АУЦА жана УЦА) менен кызматташуунун аркасында программа студенттердин графигине толук шайкеш келет.
  • Сандардагы жыйынтыктар: 8 400 талапкердин ичинен катуу сынактан 304 адам өткөн. Муну менен ар бир үчүнчү бүтүрүүчү дароо жумушка орношту.

Үзгүлтүксүз кабыл алуулар: O!InternLabs программасына тандап алуулар жылына 2 жолу өткөрүлөт — анонстор салт боюнча ЖМКларда жана О! операторунун расмий социалдык тармактардагы баракчаларында жарыяланат, @o_mobile_operator. Instagram-аккаунтуна катталыңыз.

O!DataCamp: Big Data жана ИИ тармагындагы эксперттик деңгээл

O!DataCamp — бул телеком, финтех жана ритейл сыяктуу үч чөйрөнүн кесилишиндеги гиганттык маалыматтар менен иштөөгө берилген сейрек мүмкүнчүлүк. Катышуучулар Data Engineering, Data Science жана машиналык окутуу алгоритмдерин иштеп чыгууга терең сүңгүп киришет.

  • Катуу сынактан өтүү: Тилге карата талап — B2 деңгээлинен кем эмес, анткени эл аралык ИИ китепканалары менен иштөө жүрөт. Быйыл 503 талапкердин ичинен долбоорго эң күчтүү 26 инженер кабыл алынып, алардын 12си компаниялар тобунун штаттык курамына кирди.
  • Тез өсүү: Күчтүү менторлуктун аркасында үйрөнчүктөр 2-3 жуманын ичинде эле тажрыйбалуу команда менен катар реалдуу тапшырмаларды чече башташат.

Азыр O!DataCamp программасынын жаңы тобуна кабыл алуу кызуу жүрүүдө!

Data Engineering тармагында карьера баштоого мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! Арыздар 2026-жылдын 22-ноябрына чейин кабыл алынат.

Арызды кантип жөнөтүү керек?

  1. Анкетаны Telegram-каналдан жүктөп алыңыз: t.me/nurtelecom_data
  2. Аны толтуруп, электрондук почтага жөнөтүңүз: tech_team@nurtelecom.kg

Эмгек рыногу үчүн сапаттуу импульс

Эки программанын байланышы — O!InternLabs аркылуу массалык старт жана O!DataCamp аркылуу Big Data тармагындагы терең экспертиза жаш таланттардын өсүшү үчүн толук кандуу экосистеманы түзөт.

Билим берүүгө карата системалуу мамиле, жаштарга өз мекенинде ийгиликтүү карьера курууга, ал эми Кыргызстандын технологиялык секторуна каалаган масштабдагы тапшырмаларды чечүүгө жөндөмдүү күчтүү адистерди жаратууга шарт түзөт.

«НУР Телеком» ЖЧКсы. КР МТБМК караштуу МБАнын лицензиялары: №16-0062-КР 06.12.2016, №16-0063-КР 06.12.2016. Кененирээк: o.kgм

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан