Германияда XIII кылымда курулган 800 жылдык сепил болгону 1 еврого сатууга коюлду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары билдирди.
Маалымдалгандай, баасы жагымдуу болгону менен, бул арзан сунуштун артында миллиондогон чыгым талап кылган чоң жоопкерчилик турат. Саксония аймагындагы Бад-Дюбен шаарында жайгашкан Шнадитц сепилинин аянты 1012 чарчы метрди түзөт.
Маалымат боюнча, тарыхый имарат эки мунарасы, суу толтурулган аңдары жана сакталып калган рыцарлар залы менен өзгөчөлөнөт. Жергиликтүү бийликтин эсеби боюнча, сепилди толук калыбына келтирүүгө болжол менен 20 миллион евро талап кылынат. Мындан тышкары, имарат мамлекеттик коргоого алынгандыктан, оңдоо иштеринин баары тарыхый эстеликтерди коргоо органдары менен макулдашылышы керек.
Ошентип, сепилди 1 еврого сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар болгону менен, аны кайрадан көркүнө келтирүү оңойго турбайт.