Биз социалдык тармакта

Бишкекте коомдук жайларда тамеки чегүүгө каршы рейд жүрүүдө

Кечээ, 9-ноябрь күнү "Тамеки түтүнүнөн коргоо жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, иш-чаралар ички иштер башкармалыгынын жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулду.

"Текшерүүлөр кафе-ресторандарды, соода борборлорун, сейил бактарды жана аялдамаларды камтыды. Рейд учурунда белгиленген мыйзамды бузуу фактылары, анын ичинде коомдук жайларда тамеки буюмдарын, кальяндарды жана электрондук тамекилерди (вейптерди) колдонуу, ошондой эле аларды сатуу эрежелерин бузуу учурлары аныкталды. Иш-чаранын жыйынтыгында, мыйзам талаптарын бузган жеке жана юридикалык жактарга карата протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды. Ошондой эле, соода объектилеринин жана коомдук тамактануу жайларынын жетекчилерине кальян жабдууларын демонтаждоо жана мыйзам талаптарын так сактоо боюнча катуу эскертүүлөр берилди",- деп кошумчалады мекеме.

Бишкек шаарынын мэриясы мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан