Биз социалдык тармакта

Франция супермаркеттердеги киберчабуулга Иранды айыптады

Парижде 12-октябрда супермаркеттеги муздаткычтарга киберчабуул болуп, натыйжада 10 миң супермаркеттин 700гө жакыны жабыркаган. Муздаткычтардын температурасы кескин жогорулап, ичинде сакталган товарлар жараксыз болуп калган.

Франциянын маалымат булактарына таянсак, чабуулга Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна байланыштуу "Шахид Кавех" кибертобу катышканы аныкталган.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро Ирандын элчисин чакырып, окуяга байланыштуу расмий нааразылык билдирилерин айтты. Ошондой эле Франция чабуулга жооптуу адамдарга карата Европа деңгээлинде санкция киргизүүнү көздөп жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан