Биз социалдык тармакта

Элебесов көчөсү качан бүтөт? Мэрия иштин созулганын моюндады (видео)

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиев шаар тургундарынын кайрылуусуна жооп берип жатып, Элебесов көчөсүнүн маселесине түшүндүрмө берди.

Тургундар ал көчөдөгү оңдоо иштери узак убакыттан бери бүтпөй, ыңгайсыздыктарга туш болуп жатканын билдиришүүдө.

"Келечек конушунда мэрия тараптан жол оңдоо иштери 4 айдан бери уланып келет, көпкө созулуп жатканын моюнубузга алабыз. Бирок ага бир нече себептер бар. Жол тиреги ортодо болуп калганына байланыштуу, аларды жылдыруу иштери болду. Ошондой эле, жолдун кеңейтилишине алты үй тоскоолдук жаратып, жашоочулар менен келишимге келгенче, тилекке каршы ушунча убакыт өткөрүп жибердик. Биз колубуздан келишинче эртерээк бүтүрүүнүн аракетин көрөбүз",- деп билдирди вице-мэр соцтармактагы баракчасында.

Элебесов көчөсү(Абдрахманов)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан