Бүгүн, 10-ноябрда Абу-Даби шаарында Орусия, АКШ жана Украинанын ортосунда Украинадагы согушту токтотуу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр башталат. Бул февраль айында Женевада өткөн жолугушуудан кийинки алгачкы үч тараптуу сүйлөшүү болмокчу. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы — согуштан кийинки Орусия менен Украинанын коопсуздугун камсыз кылуу жана Европадагы коопсуздук системихн талкуулоо.
Орусиянын президенти Владимир Путин узак мөөнөттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүү зарылдыгын белгилеген. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун айтымында, Украинага берилүүчү коопсуздук кепилдиктери согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө негизги маселелердин бири болуп саналат. Мында Орусиянын да макулдугу эске алынышы керек.
Сүйлөшүүлөрдө Орусия делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский, Украина делегациясын Рустем Умеров жетектейт. Ал эми АКШ тараптан Стив Уиткофф, Жаред Кушнер жана Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү катышат.
Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү үч тараптуу жолугушууга катышпайт. Бирок АКШ жана Украина өкүлдөрү сүйлөшүүлөр башталганга чейин Европа өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү менен өзүнчө консультация өткөрөрү айтылууда.
Тараптардын ортосунда бир катар пикир келишпестиктер сакталып тургандыктан, Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы азырынча белгисиз.