Ат-Башы районунда төртүнчү ирет инвестициялык бизнес-форум болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Соода өнөр-жай палатасынан билдирди.
Маалыматка караганда, аталган форумга инвесторлор, ишкерлер жана дыйкандар катышып, анда чакан ГЭСтерди куруу, топоз багуучулар ассоциациясын түзүү жана эт, бал картошка баш болгон 8 негизги кластерди өнүктүрүү маселелери көтөрүдү. Учурда бул аймакта 170 тонна бал жана картошканын 9 сортунан 940 тонна түшүм өндүрүлгөнү айтылды.
Жыйынтыкта экономикалык келишимдерге кол коюлуп, атайын резолюция кабыл алынды. Соода өнөр-жай палатасы иш-чараны уюштурганы үчүн аким Мухтар Шербаевге жана жергиликтүү ишкерлерге ыраазычылык билдирип, Ат-Башыны өнүгүүсүн мындан ары да колдоого даяр экенин баса белгиледи. Ошондой эле форумдун алкагында жергиликтүү продукциялардын көргөзмө-жарманкеси уюштурулганы маалым болду.