Биз социалдык тармакта

Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги көпүрөдө эки жол кырсыгы катталды

Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги көпүрөдө эки жол кырсыгы катталды. Алардын биринде көпүрөнүн бир бөлүгү жабыркаган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда кырсык болгон жерде шаардык кызматтар иш алып барып, жол кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатышат.

Буга байланыштуу Бишкек мэриясы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, аба ырайынын шарттарын эске алууга жана ылдамдык режимин сактап, жолдо өзгөчө этият болууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан