Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысынын учагы “Внуково-2” эл аралык аэропортуна конгон. Аны Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алган.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Ошондой эле уюмдун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, жамааттык коопсуздукту чыңдоо боюнча мындан аркы чаралар каралат.