Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Түркияга барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал Анталья шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясына (COP31) катышат.
Иш сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Лидерлер саммитинин ачылыш аземине катышат.
Ошондой эле “Тоо күн тартибин илгерилетүү: мөңгүлөр жана криосфера, температуралык чектен ашуу шартында туруктуулукту чыңдоо, жалпы жоопкерчилик жана туруктуу каржылоо”аттуу жогорку деңгээлдеги иш-чарага катышары күтүлүүдө.