Жалал-Абад – Казарман унаа жолундагы Сары-Кыр ашуусу 2027-жылдын 10-июнуна чейин жабылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, кыш мезгилинде ашууда кар калың жаагандыктан, жол кооптуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу айдоочуларга аталган жол менен жүрбөө эскертилди.
Ошондой эле Сузак районунун ЖКККБсына берилген жаңы ЖАК үлгүсүндөгү автоунаа тоолуу айылдарга чейин барып, кызмат өтөп жатканы белгиленди.