Биз социалдык тармакта

Байден Трамптын коштошуу катын жарыялады

АКШнын мурдагы президенти Жо Байден Дональд Трамптын 2021-жылы Ак үйдөн кетип жатып ага калтырган катын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, каттын толук тексти Байдендин жаңы китебине киргизилген. Анда Трамп Байденге ийгилик каалап, анын америкалык элге болгон сүйүүсүн белгилеген."Көптөгөн президенттер өлкөнү республикачылар же демократтар катары башкарып, кызматтан кетишкен. Алар тарыхтын жүрүшүн олуттуу өзгөрткөн эмес. Бирок сиз андай болбойсуз деп ишенем. Анткени америкалык элди канчалык жакшы көрөрүңүздү билем",- деп жазган Трамп. Бул кат Трамптын Байден тууралуу коомчулукка айткан сын-пикирлеринен айырмаланып, жылуу маанайда жазылган.

Байдендин "Америка, мага убада бер" аттуу жаңы китебинин бет ачары 17-ноябрда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан