Кечээ, 10-ноябрда Манас шаарында 120 гектар кунарсыз жайыт жерин жакшыртуу максатында көп жылдык чөптөрдүн үрөндөрү себилди. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган иштер үчүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 6 тонна чөп үрөнү акысыз берилген. Үрөндөрдүн арасында шалбаа бетегеси, жайыт райграсы, эспарцет жана башка көп жылдык чөптөр бар.
Бул демилге жайыттардын абалын жакшыртып, малга тоют базасын чыңдоого багытталганы кошумчаланды.