Чүй облусунун Сокулук районунда такси айдоочусуна кол салган 19 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү 44 жаштагы такси айдоочусуна учтуу буюм менен жаракат келтирип, кол салуудан кийин аны медициналык мекемеге жеткирген. Андан соң жабырлануучунун унаасын айдап, окуя болгон жерден изин жашырган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү кармалды. Тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Чүй облустук милициясына өткөрүлүп берилди.