
Кечээ, 10-ноябрда Ысык-Көлдөн узундугу 2200 метр эски синтетикалык балык уулоочу торлор жана 30 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Адистердин айтымында, көлдө калган эски синтетикалык торлор суу жаныбарлары жана балыктар үчүн коркунуч жаратып, суу экосистемине терс таасирин тийгизет.
Министрлик Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу жана көлдүн акваториясын таштандылардан тазалоо багытындагы иштер улантыларын кошумчалады.