Биз социалдык тармакта

30 USDдан башталган SWIFT-которуулар: DemirBank бизнес үчүн атайын шарттарды жылдын аягына чейин сунуштайт

Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен бизнес жүргүзөсүзбү? Эл аралык жеткирүүлөр, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү DemirBank менен атайын шарттарда жүргүзүңүз!

DemirBank чакан жана орто бизнеске, ошондой эле корпоративдик кардарларга АКШ долларында жүргүзүлүүчү чыгыш SWIFT-которуулар үчүн пайдалуу шарттарды сунуштайт. Атайын сунуш 2026-жылдын 31-декабрына чейин кошо күчүндө болот.

SWIFT-которуу үчүн минималдуу комиссия 30 USDдан башталат. Акциянын алкагында комиссия 0,2% + 20 USD түзөт, ал эми анын максималдуу өлчөмү 350 USDга чейин.

Атайын шарттар ишкерлерге жана компанияларга товарлар, жабдуулар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эл аралык эсептешүүлөрдү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Минималдуу комиссиянын өлчөмү корреспондент-банкка жана которуунун маршрутуна жараша болот. Тарифтер жана корреспондент-банктардын тизмеси тууралуу толук маалыматты DemirBankтын расмий сайтынан алууга болот.

Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүңүз жана DemirBankтын SWIFT-которуулары боюнча атайын шарттарынан пайдаланыңыз!

Кошумча маалымат алуу үчүн DemirBankтын 2222 кыска номери аркылуу байланыш борборуна же банктын каалаган бөлүмүнө кайрылыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан