15 жаштагы Амир Кунакуновдун Ала-Арча капчыгайында каза болушуна байланыштуу кызматтык шалаакылык фактысы боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда президенттик администрация билдирди.
Маалыматка караганда, текшерүүдө издөө-куткаруу иштерин уюштурууда кемчиликтер аныкталды. Анын жыйынтыгында ӨКМ жетекчиси Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш берилип, министрдин орун басары Алмазбек Асанов баштаган үч жетекчи кызматынан бошотулду.
Эске салсак, 7-ноябрда Амир 112 кызматына байланышып, тоодо адашып калганын билдирген. 9-ноябрда анын сөөгү "Электро" чокусунун аймагынан табылып, кечээ, 10-ноябрда жерге берилди.