2027-жылы ЖККУ уюмуна төрагалык кылуу иши Тажикстанга өтөт. Бул тууралуу Тажикстандын маалымат каражаттары билдиришти.
Белгилей кетсек, мындай чечим Орусияда өткөн ЖККУнун кезектеги жыйынында кабыл алынды.
"Тажикстан төрагалык кылган мезгилде аймактагы коопсуздукту бекемдөөгө, чек араларды коргоого жана ар кандай коркунучтарга ыкчам чара көрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Төрагалыктын урааны "Жамааттык коопсуздук: чек араларды бекемдөө, аймактын туруктуулугу жана биргелешкен жоопкерчилик",- деди президент Эмомали Рахмон отурумда.
Мындан тышкары, Душанбе шаарында ЖККУнун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата иш-чаралар уюштурулары маалым болду.