Биз социалдык тармакта

Согуш токтосо да өзгөрбөйт: Мальдив Израилге эшигин биротоло жаптыбы?

Мальдив аралдары Израил паспортун алып жүргөн жарандарга өлкөгө кирүүгө биротоло тыюу салууну көздөп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.

Маалым болгондой, өлкө президенти Мохамед Муиззу Газа тилкесине чабуулдар токтогон күндө да, Израил паспортунун ээлерине өлкөгө кирүүгө уруксат берилбей турганын билдирди.

Муиззунун айтымында, буга чейин чектөө согуштук аракеттер токтогонго чейин гана күчүндө болсо, жаңы мыйзам шарттар өзгөргөн күндө да, Израил жарандарына тыюу салууну карайт. Азыркы учурда мыйзам долбоору парламентке кароого киргизилгени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан