Соң-Көлдө балык запасын көбөйтүү максатында сиг-лудога балыгынын 6 миллион 200 миң даана икрасы алынып, жасалма уруктандыруу үчүн атайын инкубациялык аппараттарга жайгаштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул иштер "Кыргыз балык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын "Соң-Көл" филиалы тарабынан 2026-2027-жылдарга бекитилген пландын негизинде жүргүзүлүүдө.
План министрликтин Балык өнөр жайы комплекси департаменти жана Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен макулдашылган.
Бекитилген планга ылайык, көлдөгү балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү иштери улантылат.