Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан “Аура” кафесинин мыйзамсыз курулушу ээлери тарабынан алынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Абдразаков көчөсүндөгү кафеге мэрия тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, курулушту бузуу үчүн ээлерине 5 күндүк мөөнөт берилген. Белгиленген мөөнөттүн алкагында кафе толугу менен алынат жана жер тилкеси бошотулат.