Биз социалдык тармакта

Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында жолдор тазаланып, каттам ачык (видео)

Бүгүн, 12-ноябрда өлкөнүн бир катар унаа жолдорунда кар тазалоо жана жылгаякка каршы иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусунда №9 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери кум-туз аралашмасын сээп, жолду кардан тазалоодо. Учурда ашууда каттам бар жана унаалар үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Ошондой эле Өтмөк ашуусунда №36 жол тейлөө мекемеси тазалоо жана жылгаякка каршы иштерди жүргүздү. Ал эми Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы Долон ашуусунда абал туруктуу, каттам бар.

Мындан тышкары, бүгүн саат 09:00дөн тарта Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген убактылуу чектөө алынды.

Министрлик айдоочуларды аба ырайын эске алып, ылдамдыкты ашырбоого жана жол эрежелерин сактоого чакырды.

Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында жолдор тазаланып, каттам ачык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан