Бишкекте коомдук транспорттун айдоочусу жүргүнчүлөрдү белгиленген аялдамадан тышкары, жолдун жүрүүчү бөлүгүнө түшүргөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп, айдоочуга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протокол түзүлдү.
Кайгуул кызматы айдоочуларды жүргүнчүлөрдү белгиленген аялдамалардан гана түшүрүүгө чакырды.