Бүгүн, 15-ноябрда Ош шаарындагы Уста Абдухалил көчөсүндө жайгашкан №31 турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 2013, 2016 жана 2018-жылы туулган үч өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат саат 04:42де түшкөн. Өрт саат 05:20да чектөөгө алынып, саат 07:57де толук өчүрүлдү. Ошондой эле үй ээси, 1991-жылы туулган эркек киши денесинин болжол менен 60 пайызы күйүп, ооруканага жеткирилди. Өрттүн аянты 120 чарчы метрди түздү.
"Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн келип чыгышына ашканадагы электр зымдарынын кыска туташуусу же үйдү жылытуучу электр жылыткыч себеп болушу мүмкүн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп кошумчаланды маалыматта.