Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкулов абактан бошотулду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкулов абактан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаардык соту билдирди.

Маалым болгондой, 13-октябрда Биринчи Май райондук соту мурдагы депутатка карата өкүм чыгарды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгүндө (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Сот анын камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын жокко чыгарып, мамлекетке 100 миң сом айып пул төлөтүү түрүндө жаза дайындады.

Өкүм жарыялангандан кийин мурдагы депутат сот залынан бошотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан