Бүгүн, 16-ноябрда президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн Аймен Касенов "Түндүк" тиркемесинде 30 миң 24 адамдын колун топтоп, талапкер болуу үчүн зарыл болгон этапты басып өттү.
Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү боюнча 11 адам арыз берген. Алардын ар бири каттоодон өтүү үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун колун чогултууга тийиш.
"Түндүк" тиркемесиндеги акыркы маалыматтарга таянсак, президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн кол топтоо көрсөткүчү учурда төмөнкүдөй:
Буга чейин Садыр Жапаров менен Сыймык Жапыкеев тийиштүү колду топтоп бүткөн.
Белгилей кетсек, кол топтоо өнөктүгү 8-декабрга чейин уланат. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.