Белгилүү футболчу Роналдиньо Дубайда казакстандык бөбөктүн тушоосун кести. Бул тууралуу интернет желесине видео тарады.
Таң калычтуусу - Роналдиньону бала өзү тандап алган! Атасы уулуна Роналдиньо, Лионель Месси, Майк Тайсон жана Геннадий Головкин сыяктуу атактуулардын сүрөттөрүн алдына тизип койгондо бала бразилиялык футболчуну тандаган.
Бактылуу ата аземдин видеосун бөлүшүп, футболчуга ыраазычылыгын билдирип, уулу да ушундай улуу адам болушун каалай турганын билдирди.