Бишкекте онлайн-казинолор аркылуу акча операцияларын жүргүзгөн 4 чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу кечээ, 17-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сентябрь айынын аягында 4 чет өлкөлүк жаран Кыргызстанга келген. Уюлдук телефондорго чет өлкөлүк банктардын биринин мобилдик тиркемелерин орнотуп, алар банк карталарын туташтыруу жана каржы операцияларын жүргүзүү үчүн техникалык терминал катары колдонушкан.
"Топтун ишмердүүлүгү мыйзамсыз онлайн кумар оюндарына (Gambling-трафик) байланыштуу болгон. Алар уюлдук телефондорго орнотулган банк тиркемелери аркылуу интернет-казинонун катышуучуларынан акча кабыл алып, утуштарын кайра которуп турушкан. Натыйжада шектүүлөр мыйзамсыз төлөм каналын камсыздап келишкен. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренеси (Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу) боюнча кылмыш иши козголду",- деп айтылат маалыматта