Кечээ, 16-ноябрда Омандын Хасаб шаарындагы Ормуз кысыгында мунай ташыган танкерге эки жолу сокку урулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуядан кийин кеменин экипаж мүчөлөрүнүн тагдыры белгисиз бойдон калууда.
Белгилей кетсек, буга чейин да аталган кысыктан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган ири танкерлерге сокку урулган. Ирандын деңизге миналар коюлганы тууралуу билдирүүлөрүнүн фонунда болгон бул окуя, дүйнөлүк мунай ташууларынын коопсуздугуна байланыштуу тынчсызданууну күчөттү.