Кечээ, 17-ноябрда Вьетнамда өткөн жолдоштук беттеште футболчу Эрбол Атабаев алыстан гол киргизип, Кыргызстандын курамасын алдыга чыгарды.
Оюндун 88-мүнөтүндө, футболчу атаандаштын дарбазасына, талаанын ортосунан укмуштуудай гол киргизип, беттеште эсепти 2:1ге өзгөрттү.
Жыйынтыгында "Ак шумкарлар" жеңишке ээ болушту.