Биз социалдык тармакта

Кемероводо аскердик учак кулап, 19 адам каза болду (видео)

Орусиянын Кемерово облусундагы Ягуново айылынын жанында Ан-12 аскердик-транспорттук учагы кулап, ичиндеги 19 адам каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар бүгүн, 18-ноябрда жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык 17-ноябрда болду. Новосибирсктен Канск шаарына авиациялык тетиктерди ташып бара жаткан учактын кыймылдаткычынан абада өрт чыккан.

"Экипаж Кемерово аэропортуна шашылыш конууга аракет кылып, күйүп жаткан учакты турак жайлардан алыс алып кетүүгө жетишти. Натыйжада учак аэропорттон 5-7 чакырым алыстыкта ээн талаага кулап жарылды. Учурда кырсык болгон жерде тергөөчүлөр жана Орусиянын Аба мейкиндигин коргоо органынын атайын комиссиясы иштеп, техникалык мүчүлүштүктүн так себебин иликтөөдө. Жердеги калктуу конуштарга зыян келген эмес, окуя боюнча иш козголгону маалым болду",- деп кошумчаланды маалыматта.

Кемероводо аскердик учак кулап, 19 адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан