Биз социалдык тармакта

Испаниялык университет Ошто филиалын ачууну көздөөдө

Ош шаарында Испаниянын Universidad Europea del Atlántico университетинин филиалын ачуу жана кампус куруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев жана мэриянын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев университеттин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда университеттин өкүлдөрү Ошто филиал ачуу жана кампус куруу демилгесин сунуштап, долбоорду ишке ашыруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүчүн билдиришти.

Өз кезегинде мэрия демилгени колдой турганын билдирип, ылайыктуу жер тилкелеринин варианттарын сунуштоого даяр экенин белгиледи.

Долбоор ишке ашса, шаарга чет элдик инвестиция тартылып, Ош жана коңшу аймактардын жаштары үчүн жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейиши мүмкүн.

Белгилей кетсек, учурда университет Кыргызстанда кампус ачуу үчүн Ош, Бишкек шаарларын жана Ысык-Көл облусун караштырууда. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду мындан ары иштеп чыгуу боюнча кызматташууну улантууга макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан