Норвегиялык футболчу Эрлинг Холанд Дания менен болгон беттештен кийин улуттук курамадагы голдорунун санын 68ге жеткирди. Муну менен ал франциялык чабуулчу Килиан Мбаппеден ашып өттү. Мбаппенин эсебинде 67 гол бар.
Белгилей кетсек, Холанд бул көрсөткүчкө Мбаппеге караганда 47 беттешке аз ойноп жеткен.