Чүй облусунда ири көлөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз сатууга шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Э.у.Б. жана К.А. аттуу жарандардын мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталды.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери уланууда. Ошондой эле, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.